Бардык жагынан жардам берип, көмөк көрсөтүү, түйшүгүн жеңилдетүү. Сен аскерде жүргөндө оорумду колдон, жеңилимди жерден алышкан ушул Күкүн болду (Тойбаев). Атасынын оорун колдон, жеңил жерден алат (Бердикеев).
Бардык жагынан жардам берип, көмөк көрсөтүү, түйшүгүн жеңилдетүү. Сен аскерде жүргөндө оорумду колдон, жеңилимди жерден алышкан ушул Күкүн болду (Тойбаев). Атасынын оорун колдон, жеңилин жерден алат (Бердикеев). В.: Оорун колдон алуу. Мейли ушунумду бергенине шүгүр, Оорумду колдон алып, жүгүмдү жеңилдетти (Бейшеналиев). Оорун колунан алып, минтип айттырбай жүгүн жеңилдеткен инисине жүрөгү жылыйт (Бейшеналиев).